​Коронавирустун Оштогу очогу төрөт үйүнөн орун алды

  • 4 года мурун

28-майдагы маалымат боюнча Ош шаарында коронавирустун 35 учуру катталса, анын 34ү төрөт үйүнөн чыкты.

Төрөт үйүндө 14 кош бойлуу, 5 бала жана 15 медицина кызматкеринен вирус тастыкталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ал перинаталдык борбордун медицина кызматкерлеринен коронавирус аныкталып, карантинге жабылган.

Кайра кайталап ПЧР анализ алганда, андагы пациенттерден да вирус аныкталды деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Кыргызстанда 28-майга карата бир суткада 74 киши коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Анын ичинен Ош шаарында бир суткада 35 учур катталды. Жалпысынан Ош шаарында коронавирустун 177 учуру аныкталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты