Активист ​Афтандил Жоробековго козголгон кылмыш иши жабылды

  • 4 года мурун

Активист, блогер Афтандил Жоробеков өзүнө козголгон кылмыш иши жабылганын «Фейсбук» баракчасында билдирди.

-Мага карата козголгон кылмыш иш жабылды.

Бул кылмыш иши силердин колдооңөр болбогондо такыр башка нукка бурулуп кетээри анык эле. Эмнеге минтип айтып жатам. Биринчи күндөрү абакта отурганда кандай гана кысымдар болгонун айтпай эле коёюн. 4-5 күндөн кийин гана коомдо жана соцтармактарда чоң нааразычылык жаралганда мага болгон мамиле өзгөрдү, — деди ал.

Афтандил Жоробеков 2019-жылдын 25-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси, аймактар аралык касташууну козутуу боюнча кылмышка шектүү катары кармалган. Афтандил Жоробеков — «Беспредел KG» социалдык баракчасынын автору.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты