​COVID-19: Жуктуруп алуу очогу кеңейип жатат

Бишкек шаарында коронавируска кабылгандар менен түз байланышта болбогондор арасында инфекция жуктургандар катталууда.

-Жарандар коронавирус менен ооругандар менен түз байланышта болбой туруп жана кайда, качан жугузганын билбей, медициналык мекемелерге өздөрү кайрылган фактылар көп кездешүүдө. Бул инфекция жуктуруу очогунун кеңейип жатканын күбөлөндүрөт, — деди республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер катуу сакталышы үчүн коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Шалаакылык үчүн ар ким жооптуу экендигин эсиңерден чыгарбагыла. Кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбоо керек, инфекцияны жуктуруунун күтүүсүз күчөшүнө жол бербөө зарыл, — деди Боронов.

Республикалык штаб жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, массалык иш-чарадан оолак болууга чакырды.

Кыргызстанда 28-майга карата бир суткада 74 киши коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды.

Сүрөт: vb.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты