«Кыргыз жараны тажик жаранына ок аткан» деген маалымат териштирилип жатат

  • 4 года мурун

Тажикстандын чек ара кызматынын «27-майда Кыргызстандын жараны Тажикстандын жаранына ок атты» деген билдирүүсү боюнча иш жүрүп жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев кабарлады.

Анын маалыматына караганда билдирүүдөн кийин аймактагы кыргыз-тажик чек арачылары жолугушуп, кырдаалды талкуулашты.

Мурдараак Тажикстандын чек ара кызматы маалымат таратып, 27-май күнү саат 11лер чамасында Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну Саат Бактыбеков тажикстандык жаран Мутабархонум Шаропованы көздөй мылтыктан ок атканын, натыйжада келин оң далысынан жаракат алып, ооруканага түшкөнүн кабарлаган.

Тажик чек ара кызматынын билдирүүсүндө: «Кыргызстандык жарандын бул аракети эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалдын туруктуулугун жасалма бузуу аракети катары бааланат. Бул аракет чектеш аймакта жашаган тажик элинин жооп иретиндеги реакциясына алып келиши да ыктымал» деп жазылган.

Тажикстандын чек ара кызматынын «27-майда Кыргызстандын жараны Тажикстандын жаранына ок атты» деген билдирүүсү боюнча иш жүрүп жаткандыгын КР Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев билдирди.

Ал эми Саатбек Бактыбаев бул маалыматты четке кагууда. Ал түшкө чейинки убакытта жакында чек арада ок тийген жээнинин үйүндө түлөөдө болгонун, мергенчилик эмес, дегеле эч кандай куралы жок экенин билдирди.

24-майда кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок участкасында ок атылды.

8-майда кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган. Кыргыз тараптан үч кишиге ок тийип, ооруканага жаткырылган.

Сүрөт: FRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты