Мексикада коронавирус формасында мɵндүр жааганы чын

Nazarnews.kg сайтында Мексикада коронавирус формасында мɵндүр жаагандыгы тууралуу кабарлар жарыялган. Бул маалымат канчалык деӊгээлде чын экендигин ПолитКлиника текшерип көрдү.

Кабарларда Мексиканын Нуэво Леон штатындагы Монтеморелос муниципалитетине адаттан тыш формадагы мөндүр түшүп, бул маалымат менен адамдар социалдык тармакта бөлүшкөндүгү жазылган.

Бул мɵндүр жɵнүндɵ Британдык Dailymail жана TheSun газеталары дагы жазган. Метеоролог жана Дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмдун (WMO) консультанты Жосе Мигель Винас мындай формадагы мөндүр табигый нерсе экендигин белгиледи.

«Бороон учурунда мөндүр кичинекей жана тоголок болот. Кийинчерээк анын формасы чоңоёт. Күчтүү бороон-чапкын учурунда алардын көпчүлүгү бири-бири менен кагылышып, тикенек формасын түзүшкөн», — деди Мигель Винас.

Буга чейин чоң мɵндүрлɵр жаап келген. Мисалы, 2012 жылы Американын Техас штатында жана 2014 — жылы Небраска штатында чоң ɵлчɵмдɵгү мɵндүрлɵр жааган.

Мексикада коронавирус формасындагы мɵндүр жаагандыгы тууралуу биринчилерден болуп Мексиканын Нуэво Леон штатынын тургун Твиттфер баракчасында бɵлүшкɵн. Бул окуя 17-майда болгон.

Жыйынтык: Мексикадагы мөндүрдүн коронавирустун формасына окшошуп калганы кадыресе көрүнүш. Анын пандемияга тиешеси жок. Мɵндүрлɵрдүн формасы ар кандай болушу мүмкүн.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты