Үй карантин шартын бузгандар обсервацияга алынды

  • 4 года мурун

Ысык-Көл облусунда үй карантин эрежесин бузган үч киши обсервацияга алынды.

Соль-Илецкиден келген 1994-жылы туулган жаран 19-майда үй карантинге алынган. Ал 22-24-майда үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.

Экинчиси Москвадан келген 1993-жылы туулган жаран 22-майда үй карантинге алынса да, 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн.

Ал эми Санкт-Петербургдан келген 1993-жылы туулган жаран 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.

Үй карантин шартын бузган бардык жарандар обсервацияга алынды.

Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты