Үсөнбаев: «Үйдөн өз алдынча дарылануу аянычтуу кесепеттерге алып келет» (Видео)

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирустан өз алдынча дарылануу өтө оор кесепеттерге алып келерин белгиледи.

“Калк арасында өз алдынча дарыланып жаткан учурлар кездешүүдө. Өз убагында дарыгерге кайрылбай, ар кандай булактардан кеп-кеңеш угуп, үйдөн дарылануу туура эмес.

Себеби илдет кабылданып, күчөп кетет. Мындан улам, реанимацияга жаткандар да бар. Кандайдыр бир оорунун белгилери чыга турган болсо, сөзсүз медициналык мекемеге кайрылуу зарыл”, — деп белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары Үсөнбаев.

Бүгүнкү күндө стационарда – 461 киши жатат, анын ичинен төртөө – реанимацияда. Ооруканадан 1043 чыгарылды. 16 киши каза тапты.

Кыргызстанда 27-майга карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учуру аныкталып, жалпы саны 1520га жетти.

Иллюстрациялык сүрөт. AFP.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты