​Каратаев: “Нарын облусунда коронавирустун үч учурунан 300 гө жакын учурга чейин жайылды”

Бүгүн, 27-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевден Нарын облусунда коронавирустун күч алып жатканынын себебине, жеке коргонуучу каражаттардын жетишпегендигине байланыштуу суроо салды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев облуста коронавирустун жайылышынын негизги үч себебин айтты: Биринчиден, өз убагында координация болбогондугу, экинчиден кичи ажылыктан келген үч учурдан эле 300 учурга жакын жайылып кеткендиги, контакт болгондорду изоляциялоо болбогондугу, медициналык кызматкерлердин жана ички иштер кызматкерлеринин жоопкерсиздик мамилесинен улам экендигин белгиледи.

Нарын облусунда коронавирустун көп чыгып жатканы вируска чалдыккандар көбүрөөк аныкталып жаткандыгында деп билдирди.

Анын айтуусунда, Ак-Кыя, Көк-Жар, Баетов айылдарын курчоого алып, байланышта болгондордун баары изоляция кылынган соң абал турукташып калды:

“Нарын шаарында коронавирус облустук ооруканада, төрөт үйүндө тарап, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен көп аныкталды. Нарын облусунун Ат-Башы районуна, Нарын шаарына коронавирус жаңы аныкталган учурда эле коргонуучу каражаттар жетиштүү берилген. Ошого карабай оорунун жайылып кетүүсү боюнча учурда тийиштүү иликтөө жүрүп жатат. Өз убагында чара көрбөгөн жетекчилер жооп беришет” деди Мадамин Каратаев.

27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 52 учур катталды. Анын ичинен 17 учур Нарын облусунда. Ал эми өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саным 1520 болсо, анын ичинен 297си Нарын облусунда катталды.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты