​Коронавируска каршы дары-дармектердин бири Кыргызстанда чыгарылат

  • 4 года мурун

Заводдо өндүрүлгөн дары-дармектердин бири коронавирус инфекциясына каршы дарылоодо колдонулат.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-майда, Чүй облусуна болгон иш сапарында фармацевтикалык ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Мамлекет башчы Сокулук районундагы башка дары-дармектер жана биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларынын катарында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө маанилүү болуп саналган иммунитетти көтөрүүчү каражаттарды да өндүргөн «Биовит» фармацевтикалык заводуна барды.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 500 млн таблетка, 100 млн капсула, 50 млн порошок жана гранула, 5 млн сироп жана суспензияны түзөт. Жакын арада Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан заводдун өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүүгө каржы бөлүнөт.

Ишкананын жетекчиси ошондой эле заводдо өндүрүлгөн дары-дармектердин бири коронавирус инфекциясына каршы дарылоодо колдонулаарын айтып берди.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты