ИИМ: Жапыкеевдин чакырыктары боюнча кылмыш иши козголду

  • 4 года мурун

Мурдагы прокурор, “Чоң казат” кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин фейсбук баракчасындагы билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Сыймык Жапыкеевге каршы арызы катталган.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат чыгарган лингвистикалык экспертиза жыйынтыгына ылайык, Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырык бар деп табылды.

Тактап айтканда, жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Сыймык Жапыкеев фейсбук билдирүүлөрүндө мыйзамсыз байыган аткаминерлер, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты