​Москвадан дагы 372 кыргызстандык учуп келет

  • 4 года мурун

Бүгүн, 26-майда, Москвадан Бишкекке чартердик каттам менен дагы 372 кыргызстандык учуп келет.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Бул каттам менен 319 кош бойлуу келин жана жаш балалуу 53 аял жөнөтүлдү.

“Бул каттамга 26 жаран бизнес-класстан билет сатып алган: алар негизинен бейтаптар жана жакындарынын тажиясына катыша турган аялдар. Мындан тышкары орус тараптын суранычы менен каттамга Орусиянын беш жараны кошулду” деп айтылат билдирүүдө.

Дарыгерлердин бүтүмү менен көз жарганы калган 33 жана жаңы эле төрөгөн эки аялдын учуусуна уруксат берилген жок.

Элчиликтин маалыматына караганда, дагы 1500дөн ашуун оорулуу жаран, кош бойлуу, улгайган кишилер жана өспүрүмдөр үйлөрүнө кетүү үчүн кезекте турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты