Коронавируска бардыгы 287 медициналык кызматкер чалдыкты
- 4 года мурун
26-майга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен Бишкек шаарында – 4, Нарын облусунда – 3.
Ооруканадан 6 медициналык кызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 га кабылган медицина кызматкерлеринин саны 287 ге жетти.
Алардын ичинен 237 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыкты.
26-майга карата өлкөдө COVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталып, жалпы саны 1468ге жетти.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү