Коронавирустун жаңы 35 учуру катталды. Бардыгы 1468ге жетти

Жаңылыктар

26-майга карата өлкөдө COVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында - 16, анын ичинен төртөө Россиядан келген аскер кызматкерлеринен;

Чүй облусу -7, анын ичинен үчөө Соль-Илецкиден келгендерден;

Ош облусу – 4;

Нарын облусу – 8.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1468ге жетти.

Бир суткада 23 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 1015 бейтап айыкты.