​Бишкекте 5 медицина кызматкерине коронавирус жукту

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми стационардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча медициналык кызматкерлер арасында COVID-19 вирусун жуктурган 280 учур катталды.

Алардын ичинен 231 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.

25-майдагы маалымат боюнча бир суткада республикада 30 кишиден коронавирус аныкталып, жалпы саны 1433кө жетти.

Эки киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 16 кишиге жетти.

Схрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты