​Өзбекстанда дамбанын жырылышы боюнча эки киши камалды

  • 4 года мурун

Өзбекстандын башкы прокуратурасы Сырдарыя облусунун Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алгачкы жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Бул окуядан кийин эки кишиге кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 5-майда Сардоба суу сактагычындагы окуянын себепкерлери жазаланарын билдирген.

Аталган суу сактагычты курууга мамлекеттик бюджеттен 404,4 миллион АКШ доллары жумшалган.

Сардоба суу сактагычындагы дамба 1-майда жырылган. Натыйжада анын тегерегинде жашаган 70 миң киши коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн. Суу коңшу Казакстандын аймагына да өтүп, Түркстан облусунун бир нече айылын каптаган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты