Жалал-Абадда жер титиреди

  • 4 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-майда саат 18:46да Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан чектешкен аймакта очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жар-Кыштак, Сузак айылдарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты