​Кыргыз-тажик чек арасында май айында экинчи ирет ок атылды

  • 4 года мурун

КР мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-майда, болжол менен саат 11:30да кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок участкасында ок атылды.

Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Ворух анклавындагы жашоочулар Кыргызстандын аймагына мал жаюуга аракет кылган, кыргыз аскерлери ага жол берген эмес.

“Тажик тараптан белгисиз адамдар кыргыз чек арачыларын көздөй ок аткан. Андан кийин болжол менен саат 11:40та кыргыз чек арачылары менен тажик чек арачыларынын ортосунда кыска убакыт ок атышуу болгон. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок” деп билдирди КР чек ара кызматы.

Саат 12:20 да Кыргызстан жана Тажикстан чек ара өкүлдөрү жолугушкан.

Абал салыштырмалуу туруктуу экени айтылды.

Бул — май айынын ичиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы экинчи ок атышуу.

8-майда кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган. Кыргыз тараптан үч кишиге ок тийип, ооруканага жаткырылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты