Оренбургдан 413 жаран кайтып келди

  • 4 года мурун

Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунан 2 сутка жол жүрүп 413 кыргызстандык Бишкекке келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Келгендер обсервацияга жайгаштырылат.

Кыргыз Республикасынын 448 жараны Кыргызстанга келүү үчүн Россия-Казакстан чек арасынан өтүүгө келнеи маалымдалган. Алардын айрымдарынын документтеринин туура эместигинен өтпөй калганы тууралуу билдирилген.

Казакстандагы Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери тарабынан кыргызстандыктарды КР өкмөтү камсыздаган 9 автобуска отургузганы кабарланган.

20-майда «Тез жет» авиакомапаниясынын Оренбург-Бишкек чартердик каттамы менен Кыргызстандын 164 жараны келген.

Иллюстрациялык сүрөт: ТИМ маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты