Коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлер 275ке жетти

  • 4 года мурун

Бир суткада өлкө боюнча эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 275 учур катталды, алардын ичинен 230 медкызматкер ооруканадан айыгып чыккан.

Республикада 24-майга карата бир суткада коронавирустун жаңы 38 учуру катталып, жалпы саны 1403кө жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты