Айт маарек болсун!

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды орозо айт майрамы менен куттуктады.

-Эгемендүү өлкөбүздөгү жалпы мусулмандар бир ай бою орозо кармады, Жаратканга жалбарып, жалпы журтубузга жакшылык каалады.

Быйылкы Орозо күндөрүн азыркы мезгилдеги дүйнөлүк апааттан — коронавирус илдетинен сактануу шарттарында өткөрдүк.

Элибиздин ден-соолугун, өмүрүн сактоо үчүн илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында зарыл болгон медициналык талаптарды аткарып, катуу тартипти кармадык.

Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген, мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем.

Элибиздин ден-соолугу, саламаттыгы үчүн тыным көрбөй аракеттенип жаткан медицина кызматкерлеринин эмгегин жогору баалайбыз.

Коомдук тартипти, коопсуздукту күнү-түнү камсыз кылган укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин ишин өзгөчө баса белгилейм.

Бул ишке ыктыярдуу катышкан бардык мекендештериме элибиздин атынан рахмат айтам.

Чогуу кылган аракетибиздин акыбети кайтып, кырдаал көзөмөлдө кармалды.

Ооруну жуктуруп алгандардын көпчүлүгү сакайып чыгышууда.

Азыр ишкердикке, күнүмдүк тиричиликке болгон чектөөлөр жумшарды.

Экономиканын бардык тармактары жанданып, күндөлүк турмуштагы карым-катнаш калыбына келе баштады.

Бирок, дүйнөдөгү абалды көрүп жатабыз. Кырдаал кайсы күнү болбосун өзгөрүп кетиши толук ыктымал.

Ошондуктан, урматтуу калайык журтум, мындан ары да калк саламаттыгынын коопсуздугу үчүн илдеттен коргонуу чараларын күчөтүлгөн режимде улантышыбыз керек.

Биримдик менен жеткен натыйжабызды текке кетирбей, оорунун мындан ары тарашына бөгөт коюу — негизги максатыбыз.

Буга чейин мамлекеттик органдар тарабынан чектөөлөр киргизилип, көзөмөл катуу болду.

Эми жеке ар бирибиздин жоопкерчилигибиз күчөдү.

Ушуну баарыбыз толук түшүнүшүбүз зарыл.

Ар бир ата-эне балдарынын ден-соолугуна, жүрүм-турумуна көз салып, илдет менен күрөшүүдө өздөрү үлгү көрсөтүшү керек.

Бир адамдын кенебестиги жүздөгөн адамга залакасын тийгизет.

Ошондуктан, сиздерди коомдун саламаттыгына кайдыгер карабай, кырдаалга бийик жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам, -деди Президент.

Айт маарек болсун!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты