COVID-19: Жаңы 38 учуру катталды. Бардыгы 1403 болду

Жаңылыктар

Республикада 24-майга карата бир суткада коронавирустун жаңы 38 учуру катталды.

Анын ичинен:

Нарын облусу – 25;

Бишкек шаарында –6 (анын ичинен бирөө Санкт-Петербургдан келгендерден);

Чүй облусу – 3 алар (Соль-Илецк шаарынан келгендерден;

Ош облусу – 2;

Жалал-Абад облусу – 1;

Баткен облусу – 1.

Бул тууралу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Коронавирус жугузгандардын жалпы саны 1403кө жетти.

Бир суткада 23 бейтап айыгып чыкты. Айыкканардын жалпы саны 980ге жетти.