​Россияда бир суткада 9 миң 434 кишиден коронавирус табылды

  • 4 года мурун

23-майдагы маалыматка караганда, өткөн суткада Россияда коронавируска 9 миң 434 киши кабылды. 139 киши каза тапты.

Бул тууралуу РФнын коронавируска каршы көрөшүү боюнча ыкчам штабдын маалыматына таянып, РИА Новости агенттиги маалымдады.

3 миң 966 кишиде дарттын белгилери байкалган эмес.

Жаңы учур 84 аймакта катталган. Алардын арасынан Москва шаарында баарынан көп — 3190, Санкт-Петербургда -363, Ростов облусунда -353 киши кабылган.

Инфекция жуктургандардын жалпы саны 335 миң 882 кишиге жетти.

Кыргызстанда 23-майга карата бир суткада 15 кишиден коронавирус аныкталса, анын 9у Санкт-Петербург шаарынан келгендер арасынан чыкканы маалым болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты