​Екатеринбургдан 22 жаран кайтарылды

  • 4 года мурун

22-майда “Урал авиалиниялары” авиакомпаниясынын “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс учуп келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин мааылмат департаменти билдирди.

Бул каттам Кыргызстандан Россиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн россиялык тараптан уюштурулган.

Аталган рейс менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен Кыргыз Республикасынын 22 жараны келди.

Алар — оор дартына, операция жана кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгондор.

Келгендер обсервацияга жайгаштырылат.

Сүрөт: ТИМ маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты