Коронавирустун жаңы 37 учуру катталды. Бардыгы 1350гө жетти
- 4 года мурун
Кыргызстанда 22-майга карата бир суткада коронавируска чалдыккан 37 учур аныкталды.
Анын ичинен:
Нарын облусу – 21;
Бишкек шаарында – 9 (Анын ичинен үчөө — Санкт-Петербургдан келгендер);
Ош облусу – 6;
Чүй облусу — 1 Соль-Илецкиден келгендерден.
Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1350кө жетти.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.
Муну бөлүшүү