​Мөөнөтү өткөн паспортту каттоо узартылды

2020-жылдын 1-январынан 30-декабрга чейин мөөнөтү өтүп кеткен паспорттун жана чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын каттоо мөөнөтү убактылуу узартылды.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы республикалык штабы билдирди.

Республиканын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо жана киргизилишин алдын алуу боюнча 2020-жылдын 19-майынан өкмөттүн токтому менен төмөнкү документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берилди:

— жарактуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейинки мезгилде өтүп кеткен, 2004-жылкы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту (эски үлгүдөгү ID-карта) жана чет жакта жүргөн жарандар үчүн 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат;

КР аймагында каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими алынган күндөн тартын 10 иш күнүнүн ичинде каттоосун узартышы зарыл;

Билим берүү жана илим министрлигине бүтүрүүчүлөрдө ID-картасы жок болгон учурда орто (толук) билим берүү тууралуу күбөлүк жана аттестаттарын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн негизинде берүүнү камсыздоо боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Мында каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айыптар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чегерилбейт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты