Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны дээрлик 5 миллионго жетти

  • 4 года мурун

21-майга карата дүйнөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 4 996 472ге жетти.

Бул инфекция дүйнөнүн 188 өлкөсүн каптады.

Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында айтылат.

Коронавирус жугузгандар АКШ да көп, аларлын саны — 1 млн 551 миң 853 киши, андан кийин Россия — 308миң 705, Бразилия — 291 миң 579, Улуу Британия — 249 619, Испания — 232 553, Италияда — 227 364 киши чалдыкты.

Ошондой эле Казакстанда — 6969, Тажикстанда —2140, Кыргызстанда -1270 киши вирус жуктурду.

Дүйнөдө коронавирустан 328 115 киши каза тапты. Каза тапкандардын саны АКШда — 93миң 439 киши, Улуу Британияда — 35 миң 786, Италияда — 32миң 330кө жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты