​Өкмөт: “Акаевдин премьер-министр байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууга тиешеси бар дегени негизсиз”

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин жыштык сатуу боюнча коррупциялык ишке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдесин деп билдирген.

Буга байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы мындайча жооп берди:

— Депутат Жанар Акаевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз.

Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат.

Зарыл болгон учурда премьер-министр жана өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бүгүн, 20-майда, парламенттин жалпы жыйынында жыштык сатуу боюнча дээрлик 5 млрд сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы жана бул коррупциялык иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдесин деп билдирген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты