​ИИМ: «Чоң казат» кыймыл чакырыгы боюнча экспертиза дайындалды

  • 4 года мурун

«Чоң Казат» аттуу кыймылдын чакырыктарына укуктук баа берүү боюнча экспертиза дайындалды.

Бул тууралуу парламенттин 20-майдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев депутат Ирина Карамушкинанын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жыйында «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланып жатканда Карамушкина: «Аталган кыймылдын аракеттерине баа берүү мыйзам долбоорунун беренелерине туура келеби?» деп суроо салып, коомдогу чакырыктар боюнча ИИМдин аракеттерине кызыкты.

Орозалиевдин айтымында, азыр чакырыктарда кылмыштын курамы бар же жок экенин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Cоциалдык тармактарда «Чоң казат» деген уюмдун айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланып жатат.

Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыккан.

Cүрөттө: Сыймык Жапыкеев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты