Коомдук транспортто отурган орундарга чактап жүргүнчү салуу талап кылынууда

  • 4 года мурун

Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эережелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейд жүргүзүлөт.

“Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык”, — деп билдирди саламаттыак сактоо министринин орун басары.

Анын айтымында, коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелет. Транспорттун ичи тазаланып турушу шарт.

“Коомдук транспорттордун салондорунда дезинфекциялык чаралар жүргүзүлөт. Айдоочу да, жүргүнчү да бет кап тагынып жүрүшү керек.

Өз кезегинде, ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө бепткап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу бар” деп белгиледи Үсөнбаев.

25-майдан тартып Бишкекте коомдук унаа — автобус, троллейбус жана маршруттук таксилер иштей баштайт.

Сүрөт: vb.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты