​Нарында эпидемиологиялык абал курч. Мэрия кызматкери инфекция жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов коронавирус инфекциясын жуктуруп, мэрия имараты дезинфекцияга жабылды. Кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Нарын облусунун тургундарына кайрылып, максатсыз коомдук жайларга чыкпоону суранды. Ошондой эле, инфекциянын алдын алуу чараларын сактоого чакырды.

Каратаев маалымдагандай, бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча коронавирус жуктурган 194 учур катталган.

Облус боюнча обсервацияда 126 адам турат, анын ичинен 42си медкызматкер. Катнашта болгондордун саны – 1400дү түздү, үй карантининен 545 адам чыгарылып, 664 адам медициналык кароодо турат. Беш мобилдик топ очоктордо иштеп жатат.

Ат-Башы районунда эпидемиологиялык абал туруктуу, ал эми Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда курч бойдон калууда. Облус боюнча тиешелүү дары-дармектер жана ИВЛ аппараттары жетиштүү

19-майга карата бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталды. Анын ичинен Нарын облусунда 11 учур чыкты.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты