​Мектептер азырынча иштебейт. Балдар бакчаларычы?

  • 4 года мурун

Жалпы билим берүү мекемелери азырынча иштебейт.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында маалымдады. Себеби инфекция жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору.

-Ал эми балдар бакчалары боюнча, алардын ачылышы 1-июнга жылдырылды. Эгерде эпидемиологиялык кырдаал турукташса, анда аларга иштегенге уруксат беребиз,- деп билдирди Боронов.

16-марттан баштап Кыргызстанда мектептер менен жогорку окуу жайлар үч жумага карантинге жабылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Инфекциялык оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу келип чыккан учурда убактылуу чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилет,

Республикада 1-майдан жана 11-майдан тартып бир катар ишкана-уюм, мекмелерге иштөөгө уруксат берилген.

19-майга карата бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталып, жалпы саны 1243кө жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты