​Пионерлер күнү: Эмилбек Каптагаев пионер кезин эстеди

Бүгүн — 19-май-пионерлер күнү. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Эмилбей Каптагаев пионер курагын эстеди.

-Бала кездеги эсте каларлык окуялардын ичинен Пионер уюмуна кабыл алуу өзгөчө орунда турат. Бүтүндөй мектеп жалпы линейкага тизилип, Туу алып чыгарылып, сурнай тартылып, барабан кагылып, анан 3-класстын окуучулары каз-катар болуп ортого чыгып, ар бирибиз аптыгып, толкунданып, мурдатан жаттаган антты айтып… мектептин башкы пионервожатыйы ар бирибизге галстук такканы азыр деле элестеп турат… Галстуктун учтары шамалга желбирегине куштар болуп, «Пионерге өттүм» — деп эдиреңдеп үйгө чейин тынбай чуркап барганчы… сүйүнчүлөп…

Кандай болгон күндө дагы пионер уюму ар бирибиздин аң сезимдин өсүшүнө өбөлгө түздү, коом алдында, уюм алдында жоопкерчиликти сезүүгө, коомдук жумуштарды милдеттүү түрдө аткарууга үйрөттү.

«Тимурчулар отряды» деп топтошуп алып айылдагы кары-картаңдардын үйүнө барып отун таарып, жарып бергенибиз эле канча тарбия өзүбүз үчүн… Чукоткада Пионерлер үчүн дворец салынып жатат деп канча темир-тезек жыйнадык… «Күрөшүүгө даяр бол!» — деген чакырыкка, «Дайым даярмын!» — деп жооп бериштин өзү эле ичиңде жигер жаратат, ошону менен бирге духуңду шыктандырат, кандайдыр бир эрдик жасоого умтултат, кыялдантат.



Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты