​Тажик бийлиги пандемияда саясий упай топтоого айыпталууда

  • 4 года мурун

Тажикстанга чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамды өлкөнүн президенти Эмомали Рахмондун жана анын жакындарынын атынан таратуу акциялары кескин сынга кабылды.

Оппозиция бийликти пандемияны саясий упай топтоо үчүн пайдаланууга айыпташууда.

Тажикстанда мамлекеттик ЖМКлар күн сайын “Улут лидеринин” атынан медицина кызматкерлерине жана ооруканаларга керектүү коргонуучу каражаттар тапшырылып жатканын көрсөтүшүүдө.

Ушу тапта «Avesto Group» компаниясы тапшырган медикаменттердин арасында Кытайдан келген гуманитардык жүктүн чыгышы кызуу талкуу жаратууда. Интернетте тараган видеодо жүк салынган кутулардын тышынан тажик-кытай достугунун эн белгилерин көрүүгө болот.

Оппозиция өкүлдөрүнүн билдиришинче, «Avesto Group» компаниясы президенттин уулу, Милли Мажилистин төрагасы Рустами Эмомалиге таандык.

Соцтармактардын колдонуучулары компания чет өлкөдөн келген гумжардамды “менчиктеп”, өзүнүн атынан таратууда деп айыптоодо.

Тажикстанда дарыгерлер өмүрлөрүн тобокелге салып, коргонуу каражаттарысыз иштеп жатышканын билдиришкенден кийин кайрымдуулук акцияларын пропагандалоо күчөгөн.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 18-майга карата коронавирус инфекциясын 1524 киши жуктуруп алды, 39 адам көз жумду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктары.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты