Оренбургдан чартердик авиакаттам келет
- 4 года мурун
КР тышкы иштер министрлиги 20-майда «Оренбург-Бишкек» багыты боюнча чартердик авиакаттамды уюштуруу маселесин иштеп чыкты.
Бул авиакаттамга отургузуу учурунда кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга, жаш балдары бар ата-энелерге жана Россиянын медициналык мекемелеринде дарылануудан өткөндөргө артыкчылык берилет.
Кыргызстанга келгенден кийин жарандар обсервацияга жайгаштырылат.
18-майда Кыргызстандын 5 жараны «Air Jordanian» Иордания авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматынын аэропортуна келди. Ал жактан Кыргызстанга жеткирилди.
7-майда 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды.
17-майда «Аэрофлот» авиа компаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 378 кыргызстандык алынып келинген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.