​»Семетей» обсервациясындагы чатак: Көпчүлүгүн үй карантинге жөнөтүшөт

  • 4 года мурун

«Семетей» обсервациясындагы кырдаалга байланыштуу, Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды жашаган жери боюнча үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабынан билдирди.

Алардын ичинен жакындар менен байланышынан улам, 19 жаран медиктердин көзөмөлүндө калтырылат.

Медицина кызматкерлери аталган обсервацияда 22-майга чейин штаттык тартипте иштейт жана алардын иштөө мөөнөтү бүткөндө башка жаңы топтогулар келет.

Обсервацияга жооптуу врач саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 7-июнга чейин иш алып барат.

Бүгүн, 18-майда, “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан “Семетей” обсервациясында чыр-чатак чыккан.

Ал жерге Соль-Илецкиден келген 432 жаран жаткырылган. Чыр-чатактын себеби алар менен бирге келген жарандардын арасынан, вирус жуктуруп алып, республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат деген такталбаган маалыматка байланыштуу болгон.

18-майга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 78 учур катталып, алардын жалпы саны 1216га жетти.

Инфекция аныкталгандардын арасынан 43ү-Соль-Илецки шаарынан келгендер, үчөө-Санкт-Петербургдан, жалпысынан 51 учур чет жактан келгендерден аныкталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты