​Обсервацияда тартипти камсыз кылуу тапшырылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев обсервациялык жайларга убактылуу жайгаштырылган жарандарга кайрылды.

-Обсервациялык жайлар оңдолуп жана бардык зарыл шарттар түзүлүп даярдалган, жакшы шарттар түзүлгөн. Инфекциянын жугушун алдын алуу боюнча бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган эки кишилик бөлмөлөр уюштурулган. Медицина жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар өз өмүрүн тобокелге салып, жарандардын ден соолугун коргоо жана сактоо үчүн күн-түн дебей иштеп жатат. Алар эң жакын адамдарынан обочолонуп, үй-бүлөсүн көптөн бери көрбөй иштеп жүрүшөт», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

18-марттан тартып COVID-19 инфекциясынын тыштан келген 351 учуру аныкталган.

Алардын арасында Соль-Илецкиден келгендердин арасында коронавирусту жуктурган 101 адам катталган, анын ичинде 43ү бүгүн аныкталды. Бирок айрым жарандар обсервацияга келген күндөн баштап медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүүдө.

-Вирус жок экендиги аныкталганда гана үй карантинин сактоо үчүн аларды жашаган жерлерине жеткирилет. Биз биринчи кезекте туугандарыбыздын жана жакындарыбыздын, коомдун алдындагы жоопкерчилигибизди эстен чыгарбоого тийишпи, — деди өкмөт башчы. .

Премьер-министр компетенттүү органдарга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, ошондой эле обсервацияларда тартипти сактоо жана медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттарды түзүү боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.

18-майга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 78 учур катталып, алардын жалпы саны 1216га жетти. Инфекция аныкталгандардын арасынан 43ү-Соль-Илецки шаарынан келгендер, үчөө-Санкт-Петербургдан, жалпысынан 51 учур чет жактан келгендерден аныкталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты