«Семетей» обсервациясында туура эмес маалыматтан улам чыр чыккан

  • 4 года мурун

Бүгүн, 18-майда, “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан “Семетей” обсервациясында чыр-чатак чыккан.

Ал жерге Соль-Илецкиден келген 432 жаран жаткырылган. Чыр-чатактын себеби алар менен бирге келген жарандардын арасынан, вирус жуктуруп алып, республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат деген такталбаган маалыматка байланыштуу болгон.

-Бул факты боюнча саламаттык сактоо министрлиги менен бирге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Обсервацияда жаткан жарандар талаптарга баш ийбей, эреже бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат, — деп билдирди ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов.

18-майга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 78 учур катталып, алардын жалпы саны 1216га жетти. Инфекция аныкталгандардын арасынан 43ү-Соль-Илецки шаарынан келгендер, үчөө-Санкт-Петербургдан, жалпысынан 51 учур чет жактан келгендерден аныкталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты