Үсөнбаев: «Мекенге кайткан жарандар обсервация эрежесине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатат»

Бүгүн COVID-19 инфекциясынын 78 учурунун 51и чет өлкөдөн келген жарандарыбыздан аныкталды.

-Биздин жарандар ар башка мамлекеттерде, ар кандай шарттарда тургандыгы белгилүү. Ошондой эле, мекенине кайтып келген жарандар обсервация эрежелерине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышат. Мындан улам, оорулардын саны көбөйүүдө, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтымында, Россиянын Соль-Илецк шаарынан кыргызстандыктарды жеткирүү учурунда тобокелчилик жогору болгон.

-Соль-Илецктен келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу республикалык штаб тарабынан кошумча ПЧР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул үй карантиндеги байланышта болгондор илдетти массалык түрдө жугузуп албоосу үчүн туура чечим болду, -деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Буга чейин, 10-майда Нурболот Үсөнбаев ошол эле Соль-Илецкиден келген жарандардын карантин талаптарын аткарбай жатканжарын белгилеген.

— Соль-Илецкиден келген жарандардын арасында карантиндин талаптарын аткарбагандар бар. Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кеткен учурлары да болду. Ошондуктан аларды тартипке келтирүү үчүн милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Алар өзүнүн туугандарын, ата-энелерин, тааныштарын кандай тобокелчиликке жана коркунучка түртүп жатканын түшүнбөй жатышат, — деген ал.

10-майда бир суткада Соль-Илецкиден келген жарандар арасынан 55 учур катталып, алардын арасынан инфекцияга чалдыккандардын жалпы саны 101ге жетти.

7-майда 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылган.

Бул Казакстан тарап менен Россия-Казакстан чек арасына жакын тилкеде Казакстанда өзгөчө абал режиминин аякташын көптөн бери күтүп турган Кыргыз Республикасынын жарандарын алып кетүү тууралуу жетишилген макулдашуу боюнча жүргөн.

18-майга карата Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 1669 изилдөө жүргүзүлгөн.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6050

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2236 киши жатат.

18-майга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 78 учур катталып, алардын жалпы саны 1216га жетти.

Инфекция аныкталгандардын арасынан 43ү-Соль-Илецки шаарынан келгендер, үчөө-Санкт-Петербургдан, жалпысынан 51 учур чет жактан келгендерден аныкталды.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты