Жанар Акаев бала чагын эскерди. “Менин кепкам эмес”

Депутат Жанарбек Акаев бала чагын эскерди.

-Беш жашта болсом керек, Тагай абам бир жакшылыгын өткөрүп, алыскы жайлоосуна “ЗИЛби” же “Виллис” мененби, иши кылып топурап тойго жөнөп калдык. Денис досума ошондо шаардан сапсары, жазуулары бар, сонун кепка сатып беришиптир ата-энеси. Улам анын кепкасын шынаарлап, мага да ушундай кепка алып бергиле деп чоёңдоп баштадым. Апасынан сурап мага кийгизип койду апам, тойго кийип барып келсин, кайра келип берет деп. “Уяттуу туугандарга баратабыз, өзүмдүкү” деп эле кийип барып келесиң деди.

Бир кезде тойдо көңүл борбору мага бурулуп, “ой азамат” деп мактамыш болуп жатышканда, туугандардын бири «кепкасы да сонун» экен деп калды.

Дароо оюма Денис дос келе калып, эдиреңдеген мен «бул менин кепкам эмес, Денистики. Тойго сурап турдук, барганда кайра кайтарып берем» деп салыпмын. Апам ыңгайсыз абалда кызыктай болуп калганын көрдүм эле ошондо.

Сүрөт: Акаевдин фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты