​Абакта иштеген медкызматкердин төртөө коронавируска кабылды

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлигинин абакта иштеген медицина кызматкерлеринин арасынан жалпысынан төртөөнөн коронавирус табылды.

Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында коронавируска кабылган Бишкектеги №1 тергөө абак жайында жана №27 колонияда иштеген медициналык кызматкерлер дарыланууда. Байланышта болгондор аныкталып, абал көзөмөлдө.

17-майга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 21 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1138ге жетти.

Бир суткада 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Республика боюнча жалпы 804 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Сүрөт: Бишкектеги №1 тергөө-абак жайы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты