Сода менен ингаляция кылса коронавирус өлөрү калп

WhatsApp мессенджери аркылуу сода коронавируска каршы эӊ эффективдүү профилактика экени айтылган маалымат таратылып жатат. Бул маалымат канчалык деӊгээлде чын экендигин ПолитКлиника текшерип көрдү.

WhatsApp аркылуу белгисиз адам ɵзүн врач катары тааныштырып, үй шартында колдонулуучу сода (натрийдин гидрокарбонаты) менен ингаляция кылуу коронавируска каршы пайдалуу экендигин айтууда. Аудио каттагы маалыматта:

“Жɵнɵкɵй гигиена сактоодон тышкары, бир литр кайнак сууга бир кашык соданы кошуу керек. Андан чыккан буу менен 10-15 мүнөт дем алып койсо, мурунда жана ооз-кɵндɵйдɵгү Covid-19 вирусу ɵлɵт. Себеби, вирустун липидный оболочкасын жок кылгандан кийин, лимфоциттер аларды жок кылат”- деп айтат.

Ингаляция — бул суудан чыккан буунун мурун жана ооз-кɵӊдɵйгɵ таасир берүүсү.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Уезбаев Сагынбек интернетте айтылып жаткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырды:

“Ингаляция кɵп учурда грипп болгондо жана бронхитте жардам берет деген маалымат бар. Дем алуу органдарынын аба аркылуу жугуштуу вирустук ооруларын алдын алуу жана дарылоо үчүн үй шарттында жасалуучу ингаляция эффективдүү. Себеби, дем алууну жакшыртып, какырыктарды чыгарууга жардам берет. Бирок сода жана майлар менен жасалган ингаляция элдик медицина болуп саналып, клиникалык протоколдордо жазылбайт. Бүгүнкү күндө интернет тармагында абдан көп кеңешчилер бар. Алар адамдарга ар кандай кеңештерди берип, алдашат. Ошондуктан интернеттен келген каттарга жана аларды жөнөткөн адамдарга ишенбеш керек. Азыркы учурда башка вирустар сыяктуу эле, коронавирустун алдын алуунун жолу вакцинация болуп саналат. Бирок Covid-19га каршы вакцина али иштелип чыга элек болгондуктан, биз эч кандай бир вакцинаны сунуштай албайбыз”, — деп айтты Сагынбек Уезбаев.

Азыркы учурда расмий түрдө Covid-19ду айыктырган жана алдын алган эч кандай дары жана вакцина табыла элек. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму профилактика катарында өз алдынча дары-дармектерди ичүүнү жана өзүн-өзү дарылоону сунуш кылбайт. ДСУнун сунушу кылган COVID-19дан коргонуунун эң натыйжалуу жолдору төмөнкүлөр:

  • колду бат-баттан жууп, гигиенаны сактаңыз;
  • колуңуз менен көзүңүзгө, мурунуңузга жана оозуңузга тийбеңиз;
  • жөтөлгөндө чыканак менен же бет арчы менен оозду жабуу керек. Бир жолу колдонулган бет арчыны ыргытып, колду кылдат тазалоо керек;
  • айланадагылар менен кеминде бир метр аралыкты сактоо зарыл.

Ошол эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту айыктыра ала турган дарыны табуу максатында “Тилектештик” деп аталган эл аралык клиникалык сыноолорду баштап, учурда 90 өлкө натыйжалуу дарыны табуу үчүн биргелешип иштеп жатышат. Ал дарылар бул шилтемеде жазылган. Бирок, булардын катарында сода, же тагыраак айтканда, натрийдин гидрокарбонаты тууралуу сөз жок.

Жыйынтык: Сода менен ингаляция кылуу коронавируска каршы профилактика болуп эсептелинери калп.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты