Санкт-Петербургдан 156 кыргызстандык кайтып келди

  • 4 года мурун

«Манас» эл аралык аэропорту 15-майда «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды.

156 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

7-майда 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды.

14- мартта Япониядан жана Кореядан кыргызстандык 43 жаран, Катар жана Кувейттен Кыргызстандын 107 жаран, Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 147 кыргызстандык кайтып келди. Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтты.

15-майда Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен кыргызстандык 330 жаран кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты