​Республикалык штаб: “Оренбургдагы кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз”

  • 4 года мурун

Коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык ыкчам штабы Оренбург облусундагы топтолуп, Кыргызстанга кетүүгө камданып турган кыргызстандыктар боюнча билдирүү жасап, аларды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Май айынын аягында алар үчүн чартердик аба каттамы уюштуруларын маалымдады.

Белгилүү болгондой, учурда россия-казак чек арасында кайрадан кыргызстандык 500дөй жаран топтолгон.

Май айынын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар уюштурулат.

Жакында эле, 7-майда кыргызстандык 541 жаран Мекенге кайтып келген.

Белгилей кетчү нерсе, акыркы мезгилде айрым саясий партия, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап, чет мамлекеттердин аймагынан кыргызстандыктарды алып келүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды сунуштаган учурлар көбөйдү.

Тилекке каршы, бул адамдар жана түзүмдөр жалган маалыматтарды таркатып жатышат. Алардын бул маселенин айланасындагы жеке PR-акциялары карапайым жарандарды адаштырууда.

Россия-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде унаа каражаттарын өткөрүп жаткандыгы тууралуу такталбаган маалыматты угуп, туура эмес кабарлоодон жабыр тарткан

Кыргыз Республикасынын жарандарынын тегерегиндеги кырдаал буга айкын мисал болуп саналат. Бул мекендештерибиздин абалына терс таасирин тийгизди, ал эми Россиянын Оренбург облусунун жергиликтүү бийлигине татаал жагдай түздү.

Белгилей кетчү нерсе, айрым жактардын ойлонулбаган жана популисттик аракеттери Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер, анын ичинде союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен эки жактуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Дагы бир жолу эскерте кетсек, жарандарыбыз жүргөн өлкөлөрдүн расмий бийлиги менен иш алып баруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

Чет мамлекеттердеги өзгөчө абалдын, карантиндик жана башка чектөө чараларынын өзгөрүүсү, мамлекеттик чек араларынын укуктук статусу, анын ичинде чартердик аба каттамдарын уюштуруу тууралуу так маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдардын расмий өкүлдөрүнөн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен гана алуу зарыл.

Биз мекендештерибизди чагымчылдыкка алдырбоого жана күмөн булактардан алынган маалыматтарга, аны менен бирге учуу билеттерин сатып алуу, Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу транзиттик өтүүнү уюштуруу маселелери боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштагандарга ишенбөөгө чакырабыз.

Азыркы учурда коңшулаш мамлекеттер тарабынан коронавирус инфекциясынын тыштан келишин азайтуу боюнча алдын алуу чаралары көрүлгөн, чек аралар убактылуу жабык, өзгөчө абал режими жана жарандардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилген. Коңшу өлкөлөр тарабынан көрүлгөн, эң ириде адамдардын өмүрүн сактоого багытталган чараларды түшүнүү менен кабыл алуу абзел, -деп айтылат билдирүүдө.

Соңку учурда кыргыз-казак чек арасында Оренбург облусунан Кыргызстанга кетүүгө камданып, кыргызстандыктар топтошуп тургандыгы боюнча маалыматтар таралууда.

7-майда 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды.

14- мартта Япониядан жана Кореядан кыргызстандык 43 жаран, Катар жана Кувейттен Кыргызстандын 107 жаран, Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 147 кыргызстандык кайтып келди. Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтты.

15-майда Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен кыргызстандык 330 жаран кайтып келди.

Сүрөт: Палата коюлган лагерде. Оренбург аймактык телевидениеси.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты