​Айтылуу инженер-конструктор Султанбек Табалдыев каза тапты

Инженер-конструктор, убагында «Аалам КББ» жана «Дастан» ишканасын жетектеген СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султанбек Табалдыев 78 жашында катуу оорудан кийин каза болду.

Султанбек Табалдыев 1943-жылы Пржевальск шаарында туулган. 1967-жылы В. И. Ульянов (Ленин) атындагы Ленинград электротехникалык институтун аяктап, СССР Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Өзгөчө конструктордук бюросунда инженердик кызматтан баштаган. Анын директору — башкы конструкторуна чейинки жолду басып өткөн.

Анын жетекчилиги астында Өзгөчө конструктордук бюро космос мейкиндигин изилдөө үчүн бир катар уникалдуу приборлор түзүлгөн.

1996-жылы Табалдыев коргоо жаатындагы ири завод — «Дастан» ишканасын жетектеп, анда татыктуу эс алууга кеткенге чейин иштеген. Ошол мезгилдерде «Дастан» чыгарган буюмдар биздин республиканы эл аралык аренага тааныткан. Ал СССРдин, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий чөйрөсүндө чоң кадыр-баркка ээ болгон. Мындай адамдар саналуу гана болот.

С. Р. Табалдыев «легендардуу парламенттин» белгилүү депутаттарынын бири болгон. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгууга жана көз карандысыз Кыргызстанды куруунун тарыхый чечимдерин кабыл алууга активдүү катышкан.

Султанбек Табалдыев кесипкөй, талапты кое-билген жетекчи, кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү болгон.

Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз.

С. Жээнбеков, Д. Жумабеков, М. Абылгазиев, Д. Эсеналиев, К. Боронов, Э. Асрандиев, У. Ормонов, С. Кылжыев, Э. Осмонбетов, А. Жумагулов, М. Шеримкулов, У. Чыналиев, М. Жангарачева, М. Керимкулов, А. Суракматов, ж. б.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты