​Дүйнөдө COVID-19дан 300 миңден ашык киши каза тапты

  • 4 года мурун

Жон Хопкинс университетинин онлайн-маалыматтарына караганда, дүйнөдө коронавирус инфекциясынан каза тапкандардын саны 302 миң 418 кишиден ашты. Жалпысынан 4 млн 442 163 киши вирустун жаңы түрүн жуктуруп, 1 миллион 700 миң киши айыкты.

Инфекцияны жуктургандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Ал жакта 1 миллион 400 миңден ашуун адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталды. 85 миңден ашуун бейтап кайтыш болду.

Экинчи орунда Россия турат. Расмий маалыматтар боюнча вирусту 250 миңден ашуун киши жуктурду, эки миңден көп киши өлдү.

Үчүнчү орунда Улуу Британия келатат. Коронавирус 230 миң кишиден табылып, 33,5 миң бейтап дүйнө салды.

Күн мурун The Financial Times менен The New York Times Орусиядагы расмий статистиканы иликтөө менен Москва жана Санкт-Петербургда COVID-19дан каза тапкандардын саны 70% көбүрөөк болушу ыктымал экенин жазды. Орусия Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөөнү талап кылды. Роскомнадзор бул материалды фейк маалыматтын жайылышы катары иликтей турганын билдирди.

Коронавирустун жаңы түрү 2019-жылдын аягында Кытайда пайда болгон. Акырындык менен вирус дүйнөнүн чар тарабына жайылган. АКШ Кытайды «оорунун коркунучтуу экенин өз учурунда эскерткен эмес» деп айыптоодо. Бээжин күнөөнү мойнуна алган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты