Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 жаран кайтты

  • 4 года мурун

14-майда Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтты.

Кыргызстандыктар «Condor Airlines» германиялык авиакомпаниянын чартердик каттамы менен учуп келишти. Бул каттам «Sea Chefs» круиздик лайнерде иштеген 48 КР жаранын, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу максатында «TUI CRUISES» компаниясы тарабынан уюштурулган.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кайтып келгендер обсервацияга жайгаштырылды.

14- мартта Япониядан жана Кореядан кыргызстандык 43 жаран, Катар жана Кувейттен Кыргызстандын 107 жаран, Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 147 кыргызстандык кайтып келди. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты