​Соль-Илецкиден келген эне-бала ооруканага жаткырылды

  • 4 года мурун

11-майда “Семетей” обсервациясынан тез жардам унаасы менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына кичинекей бала катуу сыркоолоп жеткирилген. 13-майда эне-баладан коронавирус аныкталып, республикалык жугуштуу оорулар клиникасына которулган.

Ага курч энтероколит, кан катуу диагнозу коюлуп орточо оор абалда. Бала шашылыш көрсөтмө боюнча энеси менен өзүнчө бокско жаткырылып, өзүнчө кирип, чыгуусу каралган

Биринчи алынган ПЧР-анализдери экөөнүкү тең терс жыйынтык көрсөткөн. Кайталанып алынганда коронавирус аныкталган.

13-майда эне-бала республикалык жугуштуу оорулар клиникасына которулган.

Бардык коопсуздук чаралары сакталган, бейтапка жардам көрсөткөн медициналык кызматкерлер (дарыгер, 2 медайым), жеке коргонуу каражаттары менен иштеген. Ал жайлар дезинфекцияланган

7-майда 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылган.

Кыргызстанда 14-майга карата бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Булардын ичинен Нарын облусунда баарынан көп, 15 учур катталды.

Сүрөт: Республикалык штаб,

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты