​Нарын облус ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 11 кызматкер коронавируска чалдыккан

Нарын шаарында COVID-19 илдетинин 15 бейтап Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Сыркоологондордун бирөө — медицина кызматкери, жаңы төрөгөн 8 аял, туугандары менен байланышта болгондор-6 киши .

Алардын баарынын абалы канааттандыраарлык деп айтылууда.

Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял- көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып, анда иштегендер алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү.

Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус жуктурган.

Нарын облусунда түзүлгөн коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, борбор калаадан 14-майда медициналык адистердин тогузунчу тобу жөнөп кетти.Ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген.

Кыргызстанда 14-майга карата бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Булардын ичинен Нарын облусунда баарынан көп, 15 учур катталды.

Республикада вирус жуктургандардын саны бардыгы 1082ге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты