​Катар менен Кувейттен 107 кыргызстандык кайтарылды

  • 4 года мурун

Катар менен Кувейт мамлекетинен Кыргызстандын 107 жараны «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт – Доха — Бишкек» каттамы боюнча учуп келишти.

Кыргызстандык жарандар менен кошо Казакстандын 31 жараны учуп келди. Аларды казак тарап аэропорттон тосуп алып, мекенине атайын унаа менен алып кетти.

Келген жарандар бекитилген медициналык талаптарды аткаруу үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Сүрөт: ТИМ маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты