​Өкмөт аэропортторду жеке башкарууга өткөрүү тууралуу долбоор даярдоодо

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин 13-майдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев аэропортторду башкарууну жеке компанияларга берүү боюнча аткарылып жаткан иштерге кызыкты.

Депутат өлкөдөгү аэропортторду Тблиси же Алматынын мисалында жеке башкарууга өткөрүү зарыл экенин белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазив бүгүнкү күндө бул маселе менен мекемелер аралык комиссия алектенип жатканын билдирди.

«Азыр консультанттар менен бирге аэропортту өнүктүрүү үчүн мыкты компания таап бере турган эл аралык өнөктөш тандап жатабыз. Ал тажрыйбалуу компания болушу керек. Комиссия алты айдан бери иштеп жатат, май айында долбоор даяр болот» деди өкмөт башчы.

13-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы иш тууралуу отчету каралды. Көпчүлүк добуш менен отчет жактырылды, 96 депутат токтомго макул, бешөө каршы добуш берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты